Москвада метродо контакттык рельстер иштен чыгып, 1000ден ашык киши куткарылды

Москвада метродо контакттык рельстер иштен чыгып, 1000ден ашык киши куткарылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 21-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:25 (Бишкек убактысы менен 21:25) чамасында "Чоң айланма" линиясында орун алган. Алгач окуя "Калининско-Солнцевский" линиясында болду деген маалымат тараган.

"Техникалык мүчүлүштүктөн улам 3 поездде миңдеген адам камалып калган. Куткаруу иштеринин алкагында биринчи поезддин жүргүнчүлөрү саат 20:40та "Хорошевская" станциясына чыгарылган, экинчи поезддегилер саат 21:15, ал эми үчүнчү поезддегилер саат 21:50дө толугу менен сыртка чыгарылган.

Медициналык жардам алуу үчүн метродо камалып калган жүргүнчүлөр кайрылган эмес, алардын абалы жакшы. Учурда метро акырындык менен ишке киргизилип, мындай окуя кайталанбашы үчүн тиешелүү аракеттер көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ekonomist.
2019-05-22 08:24:03
Кудайга шугур эч ким жаракат албаптыр, Журогум шуу деп кетти, жакындарым Москвада болгон учун.
+3
suban78
2019-05-22 12:40:38
Жумушка баратып ошол Хорошевскаядан переход кылчу элем. Бирок тушунбодум, кольцевойго кандай тиешеси бар экенин.
0
Sagizgan
2019-05-22 18:41:43
suban78,Хорошёвадан Хорошевскаяга переход бардв ошону айтып жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан