Бишкекте "Ильзат Ахметовдун кубогу" аталышындагы футболдук мелдеш өтөт

Бишкекте ЦСКА клубунун жана Орусия курама командасынын жарым коргоочусу Ильзат Ахметов футбол боюнча мелдеш өткөрөт. Бул тууралуу футболчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Маалыматка ылайык, мелдеш 24-майдан 28-майга чейин өтөт.

"Бала кезимден бери ар бир футболдук мелдешти өзүмдү сыноо үчүн мүмкүнчүлүк катары карачумун. Жараткан азыр мага мелдештерди уюштурууга мүмкүнчүлүк берди. Ошондуктан өзүмдүн мекенимде жаш таланттар үчүн футболдук мелдеш өткөрүүнү чечтим.

Ар бир машыктыруучуга, ар кандай кырдаалдарга карабай мага ишеним көрсөткөн окутуучуларыма ыраазычылык билдирем. Бул мелдешти өткөрүү менен алардын мага короткон эмгегинин бир бөлүгүн болсо да кайтарууга аракет кылдым. Мелдеш өзүм уюштуруп жаткан алгачкы иш-чара болуп жатат, бирок акыркысы эмес деп так айтып кете алам", - деп жазган футболчу.

Ахметов белгилегендей, мелдешке 2008-жылы төрөлгөн футболчулар катыша алат.

Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкек шаарында туулган. Алгач бишкектик "Алга" футболдук клубунда ойноп келген. 11 жашында үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп барып, Юрий Коноплёвдун футбол академиясында тарбияланып баштаган. Андан соң Ильзат Ахметов "Рубин" футболдук клубу менен келишим түзүп, 16 жашында "Рубинде" дебют жасаган. 2018-жылы "ЦСКА" клубуна келип, азыркы учурда негизги оюнчусуна айланып, Чемпиондор Лигасында дагы беттештерге катышканга жетишти. Ушул жылдын 21-мартында Евро-2020 турниринин тандоо этабында Бельгияга каршы оюнда Орусия курама командасынын катарында дебют жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Farm94
2019-05-22 08:25:57
Бул ким эле озу.Жон эле койсо болмок
0
interpol
2019-05-22 08:54:21
Поезд кеткен уже, кеч түшүнүп калдың окшойт, мекеним деп койот. Мекениң экенин эми эстедиңби???
+10
BekAmir
2019-05-22 10:16:39
Келбесен деле капа эмеспиз
+9
FC-Abdish-ata
2019-05-22 10:49:07
Убагында Кыргызстанга келип Кыргызстан курамасы учун ойноп бер деп Азамат Байматов Кыргыз эли чыкырганда келбей койгонсун! После пожара Мекенинди эстебей эле кой! Она ватанда ойноп журо бер. Чыкырганда келбеген ымдаганга зар болот деген соз сага окшогондорго айтылган!
+9
Mambetali
2019-05-22 12:22:39
Ушул балага түшүнбөдүм Россия менен Кыргызстандын курама камандалары фудбол боюнча беттешип калса... кандай ахывалда калат деймда...
+4
Ulik-real
2019-05-22 12:42:50
Кереги жок бул ХХХХХ(
+1
KaGaH
2019-05-22 13:54:18
Мадина базарындагы уйгурлардын 4 команда чыкса керек,ошолор ойноп коюшат да ))
+1
Kyrgyz_bloger
2019-05-22 14:04:57
Легендарный футболчудай эле айтыптыр го,кубок Ильзата,кубок Месси,кубок Роналдо дегенди деле укпаптырмын.
+4
admin_portal
2019-05-22 17:04:08
Blackmoon, коомдук адепти сактаңыз. Эскертүү!
0
Take_men
2019-05-23 08:35:59
Келбей эле койсун. Кээ бир биздин ХХХХ чакырса керек да. Бизде ХХХХХ бар го
-1
admin_portal
2019-05-23 09:18:02
Take_men, коомдук адепти сактаңыз. Эскертүү!
+1
Ali1510
2019-06-01 16:51:27
Аттин ай жон эле койчу сага караганда виталий кичинекей кезинде Германияга кеткен ошол мекени учун келип ойноду айтайын дегеним сенсиз деле биздин АК ШУМКАРЛАР ийгиликдерди багынтат сенин кубогундун кереги не биздин жаштарга жерин учун куйбосон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан