SUPER TV`да жаңы долбоор. Бул ирет атактуулардын өздөрү гана эмес, алардын түбөлүк түгөйү менен биргеликте уюштурулган шоу берүүнү сунуштайбыз. Долбоордун алгачкы катышуучулары - ырчы Айнура Салахидинова жолдошу Санжар мырза менен, актёр Арнис Кыдырмышев менен жубайы Альбина Имашова, ырчылар Самат менен Минур жубайлары Жылдыз менен Жазгүл болду.
Долбоордун алкагында жубайлар бири-бирин канчалык деңгээлде жакшы биле турганын сынап көрөбүз. Алгачкы оюнда жубайларга окшош суроолор берилип, экөөнүн жооптору салыштырылса, кийинки оюндун шарты боюнча келинчектер катуу чыккан музыканын үнүнө карабай жолдошу эмне деп сүйлөп жатканын табуу керек. Ал эми 3-тапшырма мырзаларга. Алар көздөрү таңылган шартта жубайынын колун табуусу зарыл.
Оюндун жыйынтыгында кайсы түгөй эң көп добушка ээ болду? Жубайлар бири-бирине кантип сезимдерин билдиришти? Кызыктарга бай долбоорду төмөндөгү видеодон көрө аласыз.