1-августта саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин Дүйшөмбү көчөсүндөгү №6-көп кабаттуу үйдө, Дэн Сяопин, Средний, Шиш-Дөбө, Абдраев, Месарош, Кайназарова, Акара, Матросов, Профсоюз, Фучик, Клубный көчөлөрүндө, Ынтымак, Арча-Бешик конуштарында электр энергиясы өчүрүлөт. Ошондой эле Кара-Балта шаарынын Лев Толстой, Киров, Спорт көчөлөрүндө, Фёдоровка, Жекен, Жон-Арык, Новониколаевка айылдарында, Аламүдүн районуна караштуу Учкун конушундагы №6-үйдө, Луговый, Константиновка, Ленин, Мыкан айылдарында электр энергиясын берүү чектелет. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, электр энергиясынын убактылуу өчүрүлүшү тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу.