Бүгүн, 22-майда ырчы KG Эльмурат уулдуу болду. Сүйүнүчтүү кабары менен ырчы өзү SUPER.KG порталына бөлүштү.
"Уулум 3 килограмм 600 грамм болуп төрөлдү. Салман деген ысым ыйгарганы жатабыз", - деди KG Эльмурат.
KG Эльмурат жубайы Жайнагүл менен 6 жылдан бери түтүн булатып келе жатышат. Бул ырчынын үчүнчү баласы, мындан башка бир кыз, бир уулу бар.