Футбол боюнча Аргентина курама командасынын машыктыруучусу Диего Марадона Буэнос-Айрес аэропортунда кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, кармалуусуна Диегонун мурдагы сүйлөшкөн кызы Росио Олива себеп болгон. Ал Марадонадан 5 миллион фунт акча талап кылууда. Түгөйлөр 6 жылга жакын чогуу болушуп, өткөн жылдын декабрь айында эки башка жолго түшүшкөн.
Марадона мекенине Мексикадан учуп келгенден кийин кармалган. Ал аталган өлкөдө "Дорадос" футболдук клубунда машыктыруучу болуп иштеген. Полиция сот анын ишин 13-июнда карай турганын айтып, кайра эркиндикке чыгарган. Аны адвокат Матиас Морла коштоп жүрдү.