Орусиянын Воронеж шаарында нур терапия учурунда аппарат бузулуп онкологиялык диспансердин бейтабы каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 22-майда болгон. Анда Воронеж облустук онкологиялык диспансердин бейтабын нур терапия аппаратынын көтөрүлмө механизми иштен чыгып аялдын башын кыпчып калган.
"Орусиянын саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцова бул окуя боюнча тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүүнү дайындады. Учурда иликтөө жүрүп, окуянын чоо-жайы аныкталууда. Нур терапия аппараты Чехияда 2006-жылы чыгарылганы маалым", - деп айтылат маалыматта.