Орусиянын Мытищи шаарында адам өлтүрүп, окуя болгон жерден качууга аракеттенген аял 7-кабаттын айнегинен түшүп келатып кулап каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 22-майда Новомытищинск кең көчөсүндөсү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде орун алган. Анда 56 жаштагы жергиликтүү тургун үйүнө сойкуну чакырган. Кийин экөөнүн ортосунда уруш чыгып, 34 жаштагы сойку анын төш тарабына бычак сайган.
"Оор жаракаттан улам жабырлануучу каза болуп калган. Кылмышка шектүү аял окуя болгон жерден качууга аракет кылып, айнектен чыгууну чечкен. Ал шейшептерди бири-бирине улаштырып, ылдый түшүүнү көздөгөн. Бирок түшүп баратып кулап, оор жаракаттардан улам каза болгон. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду, учурда окуянын чоо-жайы аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.