АКШда түрмө кызматкери жазасын өтөп жаткан кишиден кош бойлуу болуп калганы үчүн соттолду

АКШда жазасын өтөп жаткан адамдан кош бойлуу болуп калган түрмөнүн кызматкери соттолду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Түштүк Каролина штатындагы абактардын биринде болгон. Анда күчөтүлгөн тартиптеги абактын 29 жаштагы Грешика Жин Браун аттуу кызматкери жазасын өтөп жаткан адамдан кош бойлуу экени аныкталган.

"Иликтөө иштеринин алкагында абактын кызматкери соттолгон адам менен акыркы айларда жакын мамиледе болгону аныкталган. Түштүк Каролина штатынын түзөтүү мекемелеринин департаментинин кызматкерлери далил катары кызматкер менен жазасын өтөп жаткан киши экөөнүн жазышкан СМС-билдирүүлөрүн жана социалдык тармактагы жазышкандарын таап чыгышкан. Кызматкер биринчи даражадагы сексуалдык жоругу жана кызмат ордунда мыйзамсыз аракеттерди жасаганы үчүн жоопкерчиликке тартылган. Учурда ал Ричленд аймагындагы абактардын биринде жазасын өтөп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Ушул сыяктуу эле окуя АКШда апрель айында да катталган. Анда жазасын өтөп жаткан адамдар менен жакын мамиледе болуп жүргөн түрмөнүн кызматкери соттолуп, соттун чечими менен 1 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2019-05-23 19:03:14
Туура кылыптыр
0
ziash85
2019-05-23 21:34:15
Байкуш наристе...ата-энеси соттолгон адам болуп төрөлөт экен да төлөгөндөн эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан