Ош шаарынын Увам каналына жеңил унаа түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-май күнү саат 21:25те Озгур айылындагы Увам каналына Тико үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Кырсык болгон жерге ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, унаадагы айдоочуну суудан чыгарышкан.
Айдоочу - 51 жаштагы А.Р. аттуу жаран. Ал "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилген.