АКШнын Миссури штатында катуу куюн болуп, ал 3 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, куюн Миссури штатындагы бир нече райондо болгон. Натыйжада электр зымдары үзүлүп, турак жайлар жарым жартылай бузулган.
"Табигый кырсыктан 3 адам каза болуп, бир нече адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Учурда куюн болгон аймактарда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.