18 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргыз курама командасы Орусияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ФИФАнын мурдагы вице-президенти Валентин Гранаткиндин жаркын элесине арналган мелдешке жалпы 12 курама команда катышат.
"Санкт-Петербург шаарында өтө турган мелдеш 4-июндан 14-июнга чейин уланат. Ага Аргентина, Болгария, Гвинея, Греция, Индия, Иран, Кыргыз Республикасы, Молдова, Польша, Түркия жана Орусиянын 2 командасы катышат.
18 жашка чейинки футболчулардан куралган командалар 3 тайпага бөлүнүп өз ара беттеш өткөрүшөт. Жыйынтыгында тайпадан 1-2-орунду алган эң мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон командалар мелдештин жарым финалына аттанышат", - деп айтылат маалыматта.
Тайпалардын курамы:
А - тайпасы: Болгария, Молдова, Орусия, Индия;
B - тайпасы: Түркия, Иран, Аргентина, Греция;
С - тайпасы: Гвинея, Кыргыз Республикасы, Орусия-2, Польша.