
Украинанын жаңы шайланган президенти
Володимир Зеленскийдин байлыгы тууралуу толтурган декларациясы ачыкталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, декларацияда Володимир Зеленскийдин жол тандабас автоунаасы жана Италиядагы вилласы кошулган. 2018-жылы Володимир Зеленскийдин кирешеси 9,2 миллион гривенди түзгөн. Ал эми анын жубайы 4,2 миллион гривен киреше тапкан.
Жарыяланган маалыматка ылайык, декларацияда Зеленскийдин 353 жарым чарчы метрди түзгөн үйү жана Киевге жакын жайгашкан Иванковичи айылындагы жер участогу, Киевдин борборундагы 131,9 чарчы метр аянттагы батири, 2 автоунаа токтотуучу жайы көрсөтүлгөн. Жубайы Киевде 284 чарчы метрлик батирге ээлик кылат. Мындан башка дагы Грузияда 5 мейманкана номерлери көрсөтүлгөн. Алар 2017-жылкы декларацияда көрсөтүлгөн эмес.