Омск шаарындагы гимназиялардын биринде акыркы коңгуроо учурунда мектеп бүтүрүүчүлөрдүн үстүнө шып урап түштү. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя №147 гимназияда орун алган. Анда мектеп бүтүрүүчүлөрү сахнада ыр аткарып жаткан учурда шып урап, анын сыныгы балдардын башына түшкөн.
"Мектеп окуучулары жабыркаган эмес, алар катуу чочуган. Бирок эч кимиси сахнадан кетпей, ырды аягына чейин аткарышкан. Учурда мектепте тиешелүү текшерүүлөр жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.