Болгарияда жүргүнчүлөрдү ташып бараткан поездден өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Болгариянын Роман шаарынын аймагында жергиликтүү убакыт менен саат 20:00 чамасында болгон. Анда "София-Горна Оряховица" багыты менен жүргөн поездден өрт чыккан.
"Өрт башталгандан кийин машинисттер поездди токтотуп, жүргүнчүлөрдү сыртка чыгарышкан. Жүргүнчүлөрдөн эч ким жабыркаган эмес. Андан кийин машинисттер өрттү өчүрүүгө жетишкен. Учурда өрт эмне себептен чыкканы аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.