31-июлда саат 16:10 чамасында Чүй облусундагы Кемин районунун Бооронбай капчыгайындагы эгин талаасынан өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө Кемин райондук өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тартылып, саат 17:30да өрт толук өчүрүлгөн. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 2 гектар аянттагы буудай күйүп кетти. Ошондой эле өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен 18 гектар буудай сакталып калды. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.