Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жеңил унаа бийиктиктен кулап, 4 адам каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 23-май күнү Кара-Кулжа районунун Сай-Талаа айылында катталган.
"Аталган райондун Кызыл-Жар айылынын 28 жаштагы тургуну Н.А. башкарган УАЗ унаасы жолдон чыгып кетип, Тар дарыясына 35 метр бийиктиктен кулап түшкөн. Мындан улам айдоочу, анын жубайы М.А. жана дагы 2 жүргүнчү окуя болгон жерден каза болушкан. Ал эми 29 жаштагы М.К. аттуу жүргүнчү денесинен ар кандай жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Ошондой эле маркумдардын жакындары соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышканы белгилүү болду.