Парижде Гвинеянын президенттигине талапкер болгон Марии-Мадлен Диубате тонолду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, аялдын 45 миллион евро турган бриллиантын белгисиз эки киши уурдап кеткен. Алар өздөрүн баалуу таштардын баасын аныктаган эксперт катары тааныштырышкан.
Уурулар баалуу ташты жөнөкөй ташка алмаштырып коюшканын Диубате айым эки күндөн кийин гана билген.
Франция полициясы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, териштирүү иштерин баштады. Кылмышкерлер боюнча азырынча эч кандай маалымат жок.