Тоюна аз кошумча алып келген кесиптешинен акча доолаган келинчек тууралуу постту британиялык Сейи Акивово аттуу аял Твиттердеги баракчасына жазып чыккан. Окуяны Daily Mail басылмасы жарыялады.
Кесиптешинин үлпөт тоюна чакырылган Сейи Акивово тойго катышуу үчүн Британиядан Румынияга жол арытып барган. Ал тойго курбусун ээрчитип, экөөнүн жол киресине, ал жактагы жашаган жатаканасына өзү төлөгөн.
"Той ойдогудай өттү, көңүлдүү, шаңдуу отурдук. Маараке жакшы уюштурулган экен. Ал тургай конокторго баштыктарга салынган белектер да таратылды. Тойдун жүрүшүнө чейин жубайлар белекке ар кандай буюмдарды эмес, акчалай эле каражат бергиле деп эскертиптир. Алар белектерди үйүнө ташып отуруудан зериккендиктен акчалай алган ыңгайлуу деп түшүндүрүштү", - деп жазган Акивово.
Автор курбусу экөө той өтүп жаткан жер айыл жери болгондуктан эсеп картасынан акча алуу үчүн банкомат таппай коюшкан. Экөө жанындагы болгон акчасын чогултуп, 25 евро беришкен. Кыз кесиптешине кийинчерээк чоңураак белек сатып берип коём деп ойлогон.
Лондонго кайткан Сейи Акивово келинчектен ачуулуу кат алган. "Сага биздин үлпөт той абдан жаккан окшойт, бирок бизге берген кошумчаң кантет? Орточо дегенде бизге коноктор 100 евродон кем эмес каражат беришти. Силердин жеп-ичип кеткениңер 25 еврого татыды деп ойлойсуңбу? Биз той өткөн жердин ижарасын да төлөй албай калдык, чыгым болдук. Мага дагы кошумча 100 евро которуп койгунуң!" - деп жазган келинчек.
Мындан кийин Сейи Акивово кесиптеши менен мамилесин үзгөн. "Зыкым кесиптешим жолдошу менен жашап жатат. Жакында эле балалуу болушту. Бирок мен мурдагыдай мамиледе эмесмин", - дейт ал.
Твиттердеги бул билдирүүнү колдонуучулар кызуу талкуулашкан. Көпчүлүгү "үлпөт той түнкү клубда өткөн туулган күн эмес да. Конокторго кантип ушундай сый көрсөтсүн?!" деп сындашкан.