Украинанын президенти Володимир Зеленский башкы ролду жараткан "Слуга народа" сериалы Ютуб тармагынан өчүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү басмылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, "Квартал 95" студиясынын директору Сергей Пушкин телесериал юридикалык көйгөйлөрдөн улам убактылуу гана өчүрүлгөнүн айткан.
"Биз юридикалык маселелерди чечкенден кийин сериалды кайра көрсөңүздөр болот" деп билдирген Пушкин. Анын айтымында, сериалды көрсөтүүнү белгилүү бир интернет портал сатып алган.
Буга чейин Украинанын экс-президенти Петро Порошенко "Слуга народа" сериалын көрүп чыкканын бирок жактырбаганын айткан.
Зеленский президент болгондон кийин "Слуга Народа" сериалынын Ютубда кароолору өсүп жаткан.