Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту жол кырсыгынан чыккан урушта каза болгон "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Маматназар Жакыпбаевдин өлүмүнө айыпталып жаткан жарандарга өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.
"Өткөн жылдын 21-октябрында Бишкек шаарындагы Түштүк магистраль-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде 20:30 чамасында "Лексус" үлгүсүндөгү унааны башкарган Ж.у.М "Кыргызаэронавигация" ишканасынын жетекчисинин орун басары Маматназар Жакыпбаев башкарган "Тойота Камри" унаасы жол чырактын кызыл жарыгына токтоп турган жерден артынан келип сүзүп алган. Айдоочу Ж.у.М жана Лексуста жүргүнчү катары бара жаткан Ш.у.М менен Жакыпбаевдин ортосунда окуя болгон жерде жаңжал чыгып, Ж.у.М. чөнтөгүнөн белгисиз нерсени алып чыгып, Жакыпбаевдин сол жак чекесине чаап жиберген. Мындан улам ал жерге жыгылып түшкөн жана тез жардам кызматынын көрсөткөн жардамына карабай окуя болгон жерден каза болгон.
Сот аталган окуя боюнча Ж.у.М. жана Ш.у.Мны күнөөлүү деп таап, аларды 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Аталган мөөнөт шарттуу түрдө 3 жылга сыноо мөөнөтү менен белгиленди", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин белгилүү болгондой Бишкек шаарында 21-октябрь күнү кечки саат 20:30 чамасында Токтоналиев жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Анда Лексус 470 үлгүсүндөгү унаа менен Тойота унаасы сүзүшүп, Тойота унаасынын айдоочусу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев каза болуп калган. Маркумдун жакындары жол кырсыгына күнөөлүү болгон эки адам аны сабап, натыйжада окуя болгон жерде каза болуп калганын айтып чыгышкан. Кылмышка шектелип Лексустун айдоочусу менен жүргүнчүсүнө кылмыш иши козголуп, алар камакка алынган.
Ал эми шектүүлөрдүн биринин жубайы дайындалган соттук-медициналык экспертизада маркум мушташтан эмес, жүрөктүн ишемия оорусунан улам каза болгондугу аныкталганын айткан.