Май айында Гималай тоосунда 6 альпинист каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалым болгондой, буга чейин АКШлык жана индиялык 3 альпинист каза болгону жана бир дайынсыз жоголгон ирландиялык жөнүндө маалымат тараган.
23-майда Эверест чокусунда дагы 2 индиялык альпинист каза болгонун Непалдын Маданият жана туризм, авиация министрлиги маалымдады.
Бийиктиги 8 миң 848 метрди чапчыган чокуну алгач 1953-жылы 29-майда Эдмунд Хиллари жана Тенцинг Норгей багындырган. Ал эми чокуга эң биринчи жолу кычкылтек баллонун колдонбой туруп италиялык альпинист Райнхольд Месснер жеткен.