Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан жана курамынан кетти. Бул тууралуу аталган партиянын басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, экс-президенттер тууралуу мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу Атамбаев төрагалыктан жана партиянын курамынан убактылуу кетти. Бул мыйзам боюнча, экс-президенттерге саясий иштер менен алектенүүгө, саясий партияларды жетектөөгө тыюу салынган. КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү Атамбаевдин ордуна партиянын төрагасынын орун басары Асел Кодуранованы шайлашты. Фарид Ниязов партиянын саясий кеңешине мүчө болуп кирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Атамбаев былтыр март айында КСДПнын төрагасы болуп шайланган.