Бишкекте жигитти сабап өлтүрдү деген шек менен 23 жаштагы жаран колго түштү

Бишкек шаарында жигитти сабап өлтүрдү деген шек менен 23 жаштагы жаран колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл, 3-мартта 21 жаштагы Т.У. аттуу жигит Бишкектин көчөлөрүнүн биринде оор абалда жаткан жеринен табылган. Ал ооруканага жеткирилген. Ага дарыгерлер баш мээси жабыркаган деген диагноз коюшкан. Жигит өзүнө келбей 10-мартта каза болгон. Адам өлтүрүүгө шектелип 23 жаштагы Б.А. аттуу жаран кармалды. Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kyrgyz_bloger
2019-05-25 15:30:37
Бизге эмне эле болуп жатат сабап кетти олтуруп кетти,мындай жол менен каяка барабыз коом онолмоюнча мамлекет кантип онугот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан