"Бир Бол" фракциясы айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштайт. Бул тууралуу фракциянын лидери Алтынбек Сулайманов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасады.
"Бүгүн жаш, кесипкөй Тилек Токтогазиев демилге көтөрүп "мага мүмкүнчүлүк бергиле, айыл чарба жаатында реформаларды жасайм, мекениме кызмат кылам" деген чакырык жасады. Үмүтсүздүктүн булуту каптап турганда Тилек Токтогазиевдин демилгеси баарыбызды жандандырды. Биз "Бир Бол" фракциясы Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин айыл чарба министрлигине сунуштайбыз. Бул сунушту премьер-министр колдойт деп ойлойбуз. Келечек жаштардыкы деп айтабыз. Келечекти күтпөй кезекти жаштарга бүгүн бергенибиз туура болот", - дейт Сулайманов.
Ишкер Тилек Токтогазиев кечээ, 24-майда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына өзүнүн талапкерлигин сунуштаган.