Кечээ, 25-майда өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты болуп өттү. Ушул күнү жыл сайын мектепти аяктап кеткендер 10-20-30 жылдык мааракелерин белгилешет. Быйыл 1999-жылы мектепти бүтүп кеткендер 20 жылдыгын, 2009-жылы мектепти аяктагандар 10 жылдыгын белгилешти. 10-20 жыл мурун мектеп уясынан учкан жылдыздар майрамды кандай өткөрүшкөнүн социалдык түйүндөгү баракчаларына жарыялашты.
Окуучулук күндөрү Токтогул районуна караштуу Торкен айылында өткөн ырчы Мирлан Баеков быйыл 20 жылдыгына барды. Ал классташ балдары менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Ошондой эле Баеков мектептин ичинде партада отуруп түшкөн сүрөтүн тартуулады.
Ал эми ырчы Айжамал Кабылова 20 жылдык мааракесин Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында белгиледи. Ал мектепке барганга жетишпей калса да классташтары менен кечинде жолуккан.
Ырчы Самара Каримова Лейлек районуна караштуу Айкөл айылында 10 жылдык мааракесин белгиледи. Ал Айкөл айылынын кире беришине классташ балдары арка курганын көрүп, сүйүнгөнүнөн көзүнө жаш алганын жазган.
Талас облусуна караштуу Манас районундагы Покровка айылында окуучулук күндөрүн өткөргөн Минюра Рахимжанова 10 жылдыгына барды. Ал классташтары жана мугалимдери менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.
Алып баруучу Улук Сапаров 10 жылдыгында классташтары менен жардамга муктаж үй-бүлөгө үй салып бергендерин жеке баракчасына жазып, үйдүн сүрөтүн көрсөттү.