Канн кинофестивалы аяктаган соң Жер Ортолук деңизде эки яхта сүзүшүп, бир адам каза болду

Канн кинофестивалы аяктаган соң Жер Ортолук деңизде эки яхта сүзүшүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсык жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00 чамасында Лерин аралынын аймагында орун алган.

"Окуя Канн бухтасынан болжол менен 1 чакырымдай алыстыкта болгон. Бул аймакка Канн кинофестивалына келген бай коноктор яхталарын токтотушат. Кырсыктан экипаждын 29 жаштагы мүчөсү каза болгон. Ага тез арада тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн, бирок оор жаракаттан улам каза болуп калган. Учурда окуянын чоо-жайы аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан