Кытайда вирусу бар ноутбук аукционго коюлуп, аны сатып алууну каалагандардын бири 1 миллиондон ашуун доллар сунуштады

Кытайлык сүрөтчү Гуо О Донг вирусу бар ноутбугун аукционго койду. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, ноутбукта 6 вирус бар. Тагыраагы, WannaCry, ILOVEYOU, MyDoom, SoBig, Dark Tequila жана BlackEnergy вирусу.

Сүрөтчү Гуо О Донг жогорудагы вирустардан улам 95 миллион доллар чыгаша болгонун айткан. Ноутбук Wi-Fi же USB аркылуу интернетке туташылбаган учурда колдонуучунун маалыматтары үчүн коопсуз болуп эсептелет.

Учурда аукцион уланууда. Бир нече вирусу бар ноутбукту сатып алууну каалагандардын бири 1 миллион 200 миң доллар сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Tolkun555
2019-05-27 10:36:14
Адамдар ушунчалык не нормальный болуп калышканбы?же биздин акылыбыз жетпейби?
+7
boston___
2019-05-27 11:31:24
Tolkun555,биздики жетпейт технология жагынан
+4
Tolkun555
2019-05-27 14:28:03
Технология
0
Tolkun555
2019-05-27 14:29:52
Технология го мейли ага макулмун. Иштебеген ноутбукту миллион долларга.......
0
Qwerty2018
2019-05-27 23:21:02
Програмистер сатып алышат. Анткени ошол вирустарга каршы антивирус иштеп чыгып сатса миллиондор
0
muni.98-98
2019-05-28 02:25:27
Биздин олкодон карап издеп коргуло эч кимде жок вирустун турлору чыгат. ))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан