Индияда 31 жаштагы жарандын баш мээсинен 15 килограмм шишик алынды, ал каражатынын жоктугунан 20 жылдан бери операция жасатпай жүргөн. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 31 жаштагы Сактивел аттуу Мадурай шаарынын тургуну 20 жылдан бери баш мээсиндеги шишикти алдырбай келген. Бул шишик аталган жарандын бала кезинде эле пайда болгон.
"Шишик чоңоюп кеткендиктен ал көчөгө чыга албай, жакындарынан жана досторунан алыстап кеткен. Айласы кеткен Сактивел акыры ооруканага кайрылып, шишиктен кутулууну чечкен. 10 сааттык операциядан кийин шишик алынып, операция жасаган дарыгерлер мындай чоң шишикти биринчи жолу алганын айтышкан. Учурда бейтаптын абалы жакшы, ал тиешелүү дарылануудан өтүүдө", - деп айтылат маалыматта.