Египетте жол кырсыгынын кесепетинен 9 полиция кызматкери каза болду

Египетте жол кырсыгында 9 полиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Каирдин түндүк-чыгыш тарабындагы Исмаилия шаарына жакын жерде орун алган. Анда полиция кызматкерлери бараткан унаа жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, өрттөнүп кеткен.

"Катуу соккудан улам унаа өрттөнүп кеткен. Полиция кызматкерлери сыртка чыгууга жетишпей калышкан. Алар Түндүк Синай аймагында бара жатышканы маалым", - деп айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kaary
2019-05-27 14:33:07
Жайлары жаннаттан болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан