Кант шаарында "өз атасын өлтүрдү" деп айыпталып 26 жаштагы жаран кармалды

Кечээ Кант шаарында өз үйүнүн жанынан 56 жаштагы Т.Анын бычакталып өлтүрүлгөн денеси табылган. Кылмыштын изи сууй электе Ысык-Ата райондук ИИБинин кызматкерлери тарабынан киши өлтүрүүгө шектелип маркумдун 26 жаштагы уулу Т.П. кармалды. Ал спирт ичимдигин ичип жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Маалым болгондой, кылмышка араздашуу себепчи болгон. Учурда айыпталуучу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан