Мексикада оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу 15 унааны сүзүп, кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болду. Дагы 14 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 26-майда Альваро-Обрегон аймагында орун алган. Анда оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу полиция кызматкерлеринен качып келе жатып 15 унааны сүзгөн.
"Мехиконун коомдук коопсуздук министрлигинин башчысы Хесус Ортанын маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен 2 кичинекей бала жана 2 киши каза болуп, 14 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Жабыркагандар учурда тиешелүү дарылануудан өтүүдө", - деп айтылат маалыматта.