Кытайдын Ухан шаарынын жашоочусу сүйүктүүсүн көтөрөм деп жатып колун сындырып алды. Маалыматты жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан.
Эки жаш Кытайдагы сүйүшкөндөр белгилөөчү расмий эмес майрамдардын бирин белгилеп жатышкан. 20 жаштагы жигит сүйлөшкөн кызын көтөрүүгө аракет жасаган. Жигит өзү арык болгон, ал 65 килограмм салмактагы кызды көтөргөндө оң колунан үн чыгып, катуу ооруп кеткен. Экөө шашылыш ооруканага барышкан. Дарыгерлер аны рентген аппаратына тартып, колунун ашташкан жериндеги сөөгү сынып, тарамышы үзүлүп кеткенин аныкташкан. Врач жигитке физикалык кыймыл аз болуп туруп, мындай кескин кыймыл-аракет жасоо коркунучтуу экенин түшүндүргөн.