Өзбекстан бийлиги 1 миң 815 жеке ишкердин 29 миллион доллар карызын кечти. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар маалымдады.
Маалым болгондой, ишкерлердин басымдуу бөлүгүнүн бизнеси үзгүлтүккө учурап, мамлекетке салыктарды жана айып пулдарды төлөй албай жумушун токтотууга аргасыз болгон.
Үчтепе районунда 524 ишкердин жумушун калыбына келтирүүгө шарт түзүлүп, 4 миллион 600 миң, ал эми Алмазар районунда 229 ишкердин 9 миллион 500 миң доллар карызы кечирилген.
Мамлекеттик салык кызматы 1-июлга чейин ишкерлерге салыктарга болгон карызы бүткөнүн тактап жумушун улантууга чакырган.