Бишкекте май куюучу жайдан 7 жарым миң сом уурдап кеткендер кармалды. Алар дүкөн тоногондордун видеосун көрүп алып кылмышка даярданышкан

Бишкекте май куюучу жайга ок атуучу курал менен кирип, 7 жарым миң сом акча алып кеткен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-май күнү болжол менен саат 05:00 чамасында Элебесов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайга белгисиз жарандар бет капчан киришкен. Колдорунда ок атуучу курал да болгон. Алар кассадагы акчаны алып белгисиз тарапка качып кетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам иликтөө иштери башталган.

"Окуя болгон күнү май куюучу жайда оператор болуп иштеген жаран саат 05:00 чамасында өзүнө тиешелүү аймакты иретке келтирүү үчүн сыртка чыккан. Ошол убакта ага бет кап кийген адамдар кол салып, сабашкан. Андан кийин кассага барып, 7 жарым миң сом акчаны алып из жашырышкан. Бирок көп узабай колго түшүшкөн. Алар Нарын облусунун 19 жаштагы тургундары К.Ч., А.Ш. жана Бишкек шаарынын тургуну 20 жаштагы Т.А. болгон. Далил буюм катары алар жашаган үйдөн ок атуучу курал жана 21 даана гильза алынган.

Алгачкы суракта "Супер арзан" дүкөнүн тоногон учурдагы видеону көрүп даярданып, ушул кылмышка барышканын айтып беришкен. Учурда шектүүлөр камакка алынып, алардын бул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жогу такталып жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
souza.j
2019-05-27 23:59:36
Курткалары тааныш к ч бч лардын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан