Экономика министри кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлиги каралат (өмүр баяны)

Экономика министри кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлиги каралат. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда SUPER.KG порталына парламенттен билдиришти.

Өткөн аптада Олег Панкратов экономика министри кызматынан кеткен.

Муканбетов Санжар Турдукожоевич 1972-жылы 12-декабрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1994-жылы Кыргыз техникалык университетин бүтүргөн. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин экономист адистиги боюнча аяктаган.

1994-1995-жылдары "Жанар" акционердик коомунун инженери;

1995-1996-жылдары "ТНК Дастан" заводунун инженери;

1996-1998-жылдары Мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы техникалык кызматташуу агенттигинде алдыңкы адис, биринчи категориядагы адиси;

1998-1999-жылдары Чет элдик инвестиция жана экономикалык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин башкы адиси;

1999-2001-жылдары Чет элдик инвестиция жана экономикалык өнүгүү агенттигинде чет элдик жардамды координациялоо башкармалыгынын бөлүм башчысы, жетекчи орун басары;

2001-2002-жылдары Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестицияны башкаруу программасынын жетекчи орун басары;

2002-2005-жылдары Финансы министрлигинин инвестициялык саясат департаментинин директору, мамлекеттик инвестиция башкармалыгынын башчысы;

2005-2007-жылдары Экономика жана финансы министрлигинин мамлекеттик инвестиция башкармалыгынын жетекчиси;

2007-2009-жылдары экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;

2010-2014-жылдары экономика министринин орун басары;

2014-2018-жылдары финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы;

2018-жылдын январь айынан апрелге чейин вице-премьер-министр;

2018-жылдын май айынан тарта финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан