Польшанын шаарларынын биринде мектеп окуучуларына кол салуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кол салуу бүгүн, 27-май күнү саат 10:00 чамасында болду.
Мектепти мурда бүтүп кеткен адам кирип келип пол жууган адамды жана 11-класста окуган окуучуну жарадар кылды. Азыркы учурда алардын бири оор абалда ооруканада жатат.
"Ал кирип келип курал менен аткылап баштаган. Аны мектептин күзөтчүсү токтотуп калып, полиция кызматкерлерине өткөрүп берген", - деп билдирген мектептин администрациясы.
Учурда эмне себептен кол салганы тууралуу маалыматтар такталып жатат.