
Киевде 30 жүргүнчүсүн "унутуп" калган учак Одессага учуп кеткен. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөр каттоодон өтүп биринчи автобустагы жүргүнчүлөр учакка түшүп кеткен. Ал эми экинчи автобустагы жүргүнчүлөр кезегин күтүп жатышкан.
"Менин күйөөм менен бир кызым учактын ичинде болчу, алар учуп кетти. Ал эми бир кызым менен экинчи автобуста болчумун, бир учакка түшпөй калдык" деп билдирген жүргүнчүлөрдүн бири. Жалпысынан Одессага уча турган 30 жүргүнчү автобустун ичинде калып калган. Авиакомпаниянын жетекчилиги келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, билеттин акчасы кайтарылып берилерин убадалашкан", - деп айтылат маалыматта.