Орусияда кран турак жайдын үстүнө кулап, аны башкарган аял жабыркады

Орусияда кран турак жайдын үстүнө кулап, бир адам жабыркады. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсык Пермь шаарындагы Решетников көчөсүндө орун алган. Кран жыгач үйдүн үстүнө кулап, анын бир бөлүгү 2 кабаттуу эки үйдүн үстүнө түшкөн. Мындан сырткары бир унаа талкаланганы айтылууда.

"Кранды башкарган аял баш сөөгүнөн, колу-бутунан жаракат алган. Ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан