Asus кош экрандуу ноутбук чыгарды

ASUS компаниясы Computex көргөзмөсүндө ZenBook Pro Duo аталышындагы ноутбуктарын көргөздү. Анын башка ноутбуктардан айырмачылыгы - эки экрандуу экендигинде.

15,6 дюйм болгон негизги экранынан тышкары ноутбуктун 14 дюйм кошумча дисплейи бар. ScreenPad Plus кошумча дисплейи клавиатуранын үстү жагында жайгашкан. Ал 3840×1100 пикселден турат.

Кошумча орнотулган экран - сенсордук дисплей. Аны негизги экрандын уландысы катары колдонсо да болот, ошондой эле өзүнчө да колдонууга мүмкүн.

ZenBook Pro Duo ноутбугунун сатыкка качан чыгары жана кандай баада сатылары азырынча маалым боло элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан