Өлкөгө аткезчилик жолу менен кирген тамеки продукциясы табылды. Анын жалпы суммасы 12 миллион сомдон ашат

"Дордой" базарынан жалпы суммасы 12 миллион сомдон ашуун кальян үчүн тамеки продукцияларын мыйзамсыз ташып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

"26-май күнү болжол менен саат 22:00дө “Дордой” базарынын аймагынан DAF XF95 480 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа Шмитц SCS24 чиркегичи менен токтотулган. Унааны В.U. аттуу Түрк жараны башкарып келе жаткан. Айдоочу бажы тариздөө жайына чейин белгиленген маршрутту бузган. Унаадагы жүктү текшерүү учурунда товар коштоп жүрүүчү документтерде көрсөтүлбөгөн болжол менен жалпы салмагы 6390 килограммды түзгөн “Serbetli” үлгүсүндөгү кальян үчүн тамеки продукциясы табылган.

Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасына ылайык, кармалган товардын орточо баасы 12 миллион 213 миң 300 сомду түзөт. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган", - дейт басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elchi84
2019-05-28 20:04:04
Ошон учун онукпойбуз да мамлекеттин казынасына миллион эмес миллиард акча тушпой калып жатат окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан