Дүйнөгө белгилүү ырчы, актриса Женнифер Лопес ырчы жана бейсболчу Алекс Родригес менен баш кошуу алдында турушат. Үйлөнүү той жай айларына пландалган. Бул тууралуу The Gal Post басылмасы жазып чыкты.
Маалыматтык булакка ырчы тойдун датасы белгилүү болгонун, бирок азырынча сыр бойдон калтырарын билдирген.
Басылма ырчынын курбуларынын билдирүүсүнө таянып "бул үйлөнүү той өзгөчө болот" деп жазат.
Лопестин үлпөт көйнөгү ырчынын мурдагы тоюндагы көйнөктөрүн тиккен италиялык Valentino мода үйүндө тигилет. Салтанаттын жалпы бюджети 15 миллион долларды чапчыйт. Түгөйлөр майрамдык тортту эле 50 миң долларга буюртма кылышканы айтылууда. Ал эми үлпөт кечесин өткөрүүгө алар Багам аралдарын тандап алышкан. Женнифер Лопес тойдо бардык тууган-достору болуусун каалайт. Ал жолдошунун мурдагы турмушундагы балдары менен жакшы тил табышарын жазат басылмалар.
Жылдыздуу түгөйлөр 2017-жылдын март айынан бери мамиле түзүп келишет. Родригес буга чейин ырчыга 4,5 миллион доллар турган шакек тагып колун сураган.
Лопес буга чейин 3 жолу турмушка чыгып ажырашкан, ал эми Родригес экинчи ирет үйлөнөт.