Ошто 19 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 24 жаштагы жаран кармалды

Ош шаарында 19 жаштагы кыз 24 жаштагы таанышы тарабынан зордукталган факты катталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-майда жабырлануучу кыздын апасы шаардагы төрөтканалардын бирине кызын алып барып текшерүүдөн өткөргөн. Ал жакта кызына зордуктоо болгону аныкталып, дарыгерлер Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалыматты билдиришкен.

"Кыздын апасы арыз менен кайрылды. Окуя 22-майда болгон. Анда үй-бүлөгө тааныш болгон 24 жаштагы бала 19 жаштагы кызын зордуктаган деп айтылган. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү кармалып, сурак берүүдө. Ошондой эле тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды", - деди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mirbek2211
2019-05-28 16:35:31
Олдун эми турмодо сени....
+2
mirlanpiter
2019-05-28 16:41:01
Аялдыка тез арада алса болот түрмөдөн кутулат
-1
Aman-moskva
2019-05-28 16:58:27
Мындай ларды элдин алдын апчыгып алыш керек ошон до токтойт ошон дой закон киргизиш керек
+3
elchi84
2019-05-28 19:53:05
Эми сен бир зордуктадынбы сени эми ....... зордуктайт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан