25-май күнү белгисиз адам Жалал-Абад шаарындагы "Компаньон Банкынын" филиалын курал менен тоноого аракет кылганы маалымдалган. Аталган жарандын ким экендигин аныктоо үчүн Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы тургундардан жардам сурайт.
"Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кылмышкерди таанып-билгендер же жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор болсо, төмөндөгү телефондор аркылуу кабарлап коюңуздарды суранабыз. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет", - деп айтылат маалыматта.
Байланыш телефондору: 0555 10-23-05; 0553 78-00-78.