Американын Бостон шаарында эркек анаконда менен "байланышы" болбогон анаконда тууду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, адамдар террариумда кармаган жыландарынын бирин Анна деп аташчу. Ал террариумда башка дагы ургаачы жыландар менен кармалган, бирок алардын арасында эркек жылан болгон эмес. Аннанын бир күнү 18 жылан тууганы көпчүлүктү таң калтырган. Балдарынын арасынан экөө гана жашап кеткен, калгандары өлүп калган.
Жаныбарлар кармалган жайдын кызматкерлери Анна партеногенез ыкмасын пайдаланган деп божомолдошкон. Партеногенез - ургаачы жандыктардын жыныстык катнашсыз уруктануусу. Анда ургаачы жандыктын урук клеткалары өзүнөн өзү өсө баштайт. ДНКнын анализдери андагы кызматкерлердин божомолун ырастаган. Анализдин жыйынтыгында, анаконданын балдары апасынын генетикалык көчүрмөсүн көрсөткөн.
Анаконда - Түштүк Америкада эң көп кездешүүчү уусуз жылан, анын узундугу 5 метрге чейин жетет. Алар жумуртка туушпайт, түйүлдүктү 6-7 ай ичинде көтөрүп, айрымдары бир тууганда 48ге чейин бала тууйт.