Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министри, Дубайдын эмири шейх Мухаммед ибн Рашид Аль Мактумдун 3 уулунун үйлөнүү тою 6-июнга белгиленди. Алардын арасында шейхтин мураскер ханзаадасы Хамдан ибн Мухаммед Аль Мактум да бар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Падышалык салтанат Дубай эл аралык борборунда өтөт. Бул аземге миңдеген коноктор чакырылган.
Иш-чаранын расмий бөлүгүндө мураскер ханзааданын жана анын бир туугандарынын никелери расмий каттоого алынат. Буга чейин 15-майда шейхтердин никеси кыйылган.
36 жаштагы Хамдан ибн Мухаммед Аль Мактум интернетте активдүү, анын Инстаграм баракчасында 8 миллиондон ашуун катталуучусу бар. Социалдык тармактын колдонуучулары аны "Аладдин" деп атап алышкан. 2011-жылы Forbes журналы мураскер ханзааданын байлыгын 18 миллиард доллар деп баалаган.