Бишкек шаарында жеңил унаа жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон бир адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 27-май күнү саат 23:25 чамасында болгон. Анда Subaru Legacy үлгүсүндөгү унааны 23 жаштагы айдоочу У.К. башкарып бара жаткан. Айдоочу Ахунбаев көчөсү менен келе жатып Тыныстанов көчөсүнө бурулганда кырсыкка кабылды.
"Кыз жолдон өтүп келе жатканда унаа сүздү. Ал ошол замат ооруканага жеткирилип, унаа айып короосуна токтотулду. Учурда тийиштүү иштер жүрүүдө", - деп билдирет башкы башкармалыктан.