Чүйдө тепловоз 16 жаштагы өспүрүмдү сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 27-май күнү болжолдуу саат 17:33 чамасында Кара-Балта - Кайыңды станциясынын ортосунда болгон.
"Өспүрүм кулакчын тагынып келе жаткан. Ал маалда тепловоз ага карата сигнал берген, бирок ал уккан эмес. Натыйжада анын буту жаракат алып, ооруканага жеткирилди", - деп билдирет басма сөз кызматы.