Индияда бейтаптын ашказанынан бир нече буюмдар алынды. Тагыраак айтканда, чай кашык, тиш жуучу щётка жана бычак алынган.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, окуя Манди аймагындагы Лал Бахадур Шастри атындагы медициналык колледжде болгон. Аталган жайга бейтап ичи ооруп жатканын айтып кайрылган. Дарыгерлер медициналык кароо жасап, бейтаптын ашказанында бир нече буюмдардын бар экенин аныкташкан. Бейтапка дароо операция жасалып, дарыгерлер анын ашказанынан 7 чай кашык, 2 тиш жуучу щётка, 2 кичинекей отвёртка жана бычакты алып чыгышкан. Учурда бейтаптын абалы оор экени айтылган.
Аталган медициналык колледждин кызматкерлери бейтап Пика илдети менен жабыркашы мүмкүн деп божомолдошууда. Пика илдети - ашказандын иштөөсүнүн бузулушу, тагыраагы, адам жегенге мүмкүн болбогон заттарды тамак-аш катары колдонуп башташы.