Кытайда базардан белгисиз жаран бир нече адамды себепсиз бычактап салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 28-майда Хуэйчжоу шаарындагы базарлардын биринде орун алган. Анда элдин арасында кетип бараткан жаран адамдарды бычактап баштаган.
"Адамдар ар тарапка качып баштаганда кылмышка шектүү бир нече адамды бычактаганга жетишкен. Мындай кадамга аны кандай себеп түрткөнү белгисиз бойдон калууда. Учурда кылмышка шектүү камакка алынды, бул факт боюнча тергөө амалдары башталды", - деп айтылат маалыматта.